Ашыр Чокубаевдин сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлат (видео)

1543

Кыргыз эл артисти Ашыр Чокубаевдин сөөгү эртең Ала-Арча көрүстөнүнө коюлат. Актёрду акыскы сапарга узатуу зыйнаты Кыргыз улуттук драма театрында, саат 9:30 башталат. «Ак илбирстин тукуму», «Курманжан Датка» тасмаларында эсте каларлык образдарды жараткан актёр кечээ, 71 жашында дүйнө салды. Ал соңку 5 жылда кан илдети менен ооруп жүргөн, дешет жакындары. Бирок катуу оорудан кыйналып жүргөнүн жада калса жакын досторуна да айтпаптыр.