«Азия Молл» соода борборунун ачылышына миңдеген адамдар келди (видео)

1701

Эгемендүүлүк күнүндө кыргызстандыктар үчүн дагы бир белек! Бишкекте «Азия Молл» соода борборунун ачылыш аземи шаар тургундарынын чоң кызыгуусун жаратты. Соода жана оюн-зоок борборунун ачылышына келгендерди жагымдуу сюрприздер да күтүп турду. «Азия Моллдун» расмий өнөктөштөрү чакан оюндарды уюштуруп, анын жеңүүчүлөрүнө баалуу белектер ыйгарылды. Ошондой эле, меймандарга жагымдуу маанайдагы концерт сунушталды. «Азия Молл» сыяктуу ири соода борбору Кыргызстанда алгачкы ирет ачылып жатат. Анын долбоорун дүйнөгө белгилүү архитекторлор жана дизайнерлер түзүп чыгышкан. Имараттын жалпы аянты — 55 миң чарчы метрди түзөт.