Аsian World кинофестивалына Анжелина Жоли келип катышты

1434

Ушул күндөрү Лос-Анджелес шаарында Кыргызстандын белгилүү кинорежиссеру Садык Шернияздын демилгеси менен өтүп жаткан дүйнөлүк кинофестивалга Голливуд жылдызы Анджелина Джоли дагы катышты. Бул тууралуу коомдук ишмер, продюсер Садык Шернияз социалдык түйүндөгү баракчасына жазып, Джоли менен бирге түшкөн сүрөттөрүн жарыялады.

Анын айтымында, фестивалга белгилүү актриса өзү демилге көтөрүп келип, уюштуруучулар менен жылуу учурашып, баарлашып кеткен. Анджелина Джоли менен кыргызстандык режиссерлор Мурат Алиев, Актан Арым Кубат жана башкалар жакындан таанышышкан. Садык Шернияз Голливуд жылдызын кийинки жылы өтчү көчмөндөр оюнуна чакырган. Анджелина Джоли бул сунушка ойлонуп көрөөрүн айткан.

Лос-Анджелес шаарында өтүп жаткан маданий иш чарада Азия чөлкөмүндө тартылган мыкты тасмалар көрсөтүлөт. Фестивалдын алкагында АКШда кыргыз киносунун күндөрү уюштурулуп, «Кентавр», «Саякбай», «Мунабия» фильмдери тартууланат.