Аскар Акаевдин уулу Айдар Москвада жүрөгү кармап көз жумду

4344

Кыргызстандын тунгуч президенти Аскар Акаевдин уулу Айдар Акаев каза болду. Айрым маалыматтарга караганда, ал Москвада жүрөгү кармап көз жумган. Буга чейин Аскар Акаевдин улуу агасы Чилтен Акаевдин уулу, жүрөгү кармап каза болгон 59-жаштагы Кубан Акаев Кеминде жерге берилгени да маалым болгон.

Мындан улам, экөөнү алмаштырып туура эмес маалымат тарап кеткени айтылып жаткан. Бирок өздүк булактар Аскар Акаевдин уулу жана иниси удаа каза болушканын тастыкташты.

Айдар Акаев 43 жашта болчу. Артында эки уул, бир кызы калды. Ал 2005-жылы Жогорку Кеңештин депутаты болгон. Ошол эле жылы бийлик алмашканда үй-бүлөсү менен кошо Кыргызстандан чыгып кеткен. Азырынча тастыкталбаган маалыматтарга караганда, Айдар Акаев ушул ишемби күнү Москвада жерге берилет.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.