Аскар Акаевдин жакындарына бир нече кылмыш иши козголгон

1048

Мурдагы президент Аскар Акаев Кыргызстанга келсе суракка чакырылат. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирүү таратты. Башкы көзөмөл орган Аскар Акаевдин жакындарына карата бир нече кылмыш иши козголгонун эскертүүдө.

Алсак, Майрам Акаева башкарган «Мээрим» кайрымдуулук фондусунун ишмердүүлүгүн текшерүүнүн жыйынтыгы менен 30га чукул иш козголуп, мамлекетке 64 миллион сомдук чыгым келтиргени такталган. Мамлекеттин менчигине ондогон имарат кайтарылган.

Аскар Акаевдин мурдагы күйөө баласы Адил Тойгонбаев сырттан мүлкүн конфискациялоо менен бирге 20 жылга эркинен ажыратылган. Ал алдамчылык, монополиялык аракеттер жана атаандаштыкты чектөө жана чарба жүргүзүүчү субъекттердин кызмат адамдарынын салыктарды жана милдеттүү камсыздандыруу акыларын төлөөдөн четтөөсү боюнча күнөөлүү деп табылган.

Мындан тышкары сот Адил Тойгонбаевден «Манас» аэропортунун пайдасына 677 миллион сом өндүрүүнү милдеттендирген. Ал эми Айдар Акаевдин үстүнөн 4 кылмыш иши козголуп, өлкөгө келтирген зыяны 3 миллион долларга бааланган. Анын күнөөсү дагы 11 иш боюнча аныкталган.

Белгилей кетсек, мурдагы президент Аскар Акаев 2005-жылы 24-марттагы окуядан кийин үй-бүлөсү менен Кыргызстандан чыгып кеткен. Башкы прокуратура үй-бүлө мүчөлөрүнүн кээ бирлерин камакка алуу чечимин чыгарса, Айдар Акаевге, Адил Тойгонбаевге жана башка туугандарына эл аралык издөө жарыялаган.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.