Аскар Акаевге жумуртка ыргыткан адамды кызы сабады (видео)

862

Германиядагы мекендештерибиз Аскар Акаевге жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнө жумуртка ыргытышты. Качкын президент Берлин шаарына барып, кыргызстандыктар менен жолугушуу өткөрүүнү пландаган. Белгиленген жерге Аскар Акаев, аялы Майрам жана кызы Бермет болуп келишкен. Ал жакка Германияда жүргөн онго жакын мекендешибиз чогулуп, айрымдары «Акаев кет» деген жазууларды көтөрүп турушту. Ал эми бир жигит мурдагы президентке жумуртка ыргытып, «коррупционер» деп кыйкырды. Акаев жолугушууну эмне максатта уюштурганы түшүнүксүз болуп калды. Анткени ал келгендердин суроосуна жооп берүүдөн баш тартты. Өлкөдөн качып кеткен мурдагы президенттер жана алардын жан-жөкөрлөрү учурда ар кайсы мамлекеттерде баш калкалап, бизнестерин өнүктүрүп жүрөт. Жада калса, аты-жөнүн өзгөртүп алгандар да бар. Алар колу менен жазаганды моюну менен тартабы?