Аскар Эшимбековдун өлүмүнө эмне себеп болду? (видео)
852
«Электр станциялары» ишканасынын башкы директору Аскар Эшимбековдун өлүмүнө дарыгерлер күнөөлүү. Мындай оюн анын жубайы Фатима Эшимбекова билдирди. Ал жолдошунун өлүмүнө дарыгерлерди күнөөлөп, президентке, Жогорку Кеңешке, УКМКга жана Ички иштер министрлигине кайрылды.
Фатима Эшимбекованын айтымында, жолдошуна 15-мартта «курч аппендицит» деген диагноз коюлуп, операция жасалгандан кийин ден соолугу начарлап беш күндөн кийин каза болуп калган. Буга дарылоо толук кандуу жүргүзүлбөгөнү себеп болду, дейт маркумдун жакындары. Мындай айыптоого Улуттук хирургия борборунун дарыгерлери макул эмес. Дарыгерлердин айтымында, бейтапка баардык тиешелүү жардамдар көрсөтүлгөн.