Аскар Шадиев АКШдан алып келинеби? (видео)

1595

Америка кошмо штаттары Кыргызстанда коррупцияга айыпталып АКШга качып кеткен мурдагы аткаминерлерди кайтарып бере баштайбы? Бул жааттагы сунушту УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев берди. 2 күн мурда АКШ бийлиги Кыргызстандагы элчилиги аркылуу кайрылуу таратып, анда мурдагы бажычы Райым Матраимовдун кылмыштуу кирешелерди адалдоо айыбы менен камакка алынышын кубаттай турганын билдирген.
Ошондой эле, өлкөдөн уурдалып кеткен мүлктөр аныкталса, кайтарып берүү жаатында иш алып барыла тургандыгы кошумчаланган. Ал арада Кыргызстан ушул эле сценарий менен коррупция боюнча айыпталып, бирок АКШда качып жүргөн аткаминерлерди кайтарып берүүгө үндөөдө.