Аскарбек Шадиев: Фракциядан чыгуу боюнча арыз жөнөткөн эмесмин (видео)

776

Өлкөдөн качып кеткен бойдон дайыны чыкпаган Аскарбек Шадиев АКШдан үн катты. Ал кат түрүндө кайрылуу жасап, депутаттык мандаттан мыйзамсыз ажыратылганын билдирди. Шадиев фракциядан чыгуу боюнча арыз жөнөткөн эмесмин дейт. Муну «Бир Бол» фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов четке кагып, мурдагы кесиптешин жалганчы деп атады.

Ал арада бүгүн Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Шадиевге козголгон кылмыш ишинин бири боюнча териштирүүлөр башталды. Ага айыбы сыртынан угузулган. Соттук өкүм да сыртынан чыга турган болуп калды. Анткени Аскарбек Шадиев Кыргызстанга кайтып келбей турганын айткан.