Аскат Алиев: «Чогулуулардын арты трагедия менен аяктап калышы мүмкүн»

959

Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Москвадагы өкүлчүлүгүнүн кызматкери Аскат Алиев «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу Москвада эмгектенип жүргөн кыргызстандык жаштарга кайрылуу жасады. Ал социалдык тармактарда кыргыз жаштарды тез чогула калууга үндөгөн чакырыктар тарап жатканын белгиледи. Ошондой эле жаштарды андай чакырыкка азгырылбоого үндөдү.

«Тилекке каршы мындай чогулуулардын арты жакшы менен бүтпөй, трагедия менен аяктап, чогулгандар кылмыш жазасына тартылып калышы мүмкүн. Ошондуктан өзгөчө жаш муундардын өкүлдөрүнөн суранабыз, мындай учурда провокацияга алдырбай, мыйзам бузбай, полицияга же болбосо ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгүнө кайрылышыңыздар керек» — деп жазган Аскат Алиев.

Маалыматтарга ылайык, акыркы жумаларда  социалдык тармак аркылуу Москва шаарындагы кыргыз жаштарын башка бир улуттун өкүлдөрү «таарынтып койгону», алар менен «сүйлөшүү» үчүн массалык чогулууга чакырган билдирүүлөр тараган.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.