«Тилекке каршы мындай чогулуулардын арты жакшы менен бүтпөй, трагедия менен аяктап, чогулгандар кылмыш жазасына тартылып калышы мүмкүн. Ошондуктан өзгөчө жаш муундардын өкүлдөрүнөн суранабыз, мындай учурда провокацияга алдырбай, мыйзам бузбай, полицияга же болбосо ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгүнө кайрылышыңыздар керек» — деп жазган Аскат Алиев.
Маалыматтарга ылайык, акыркы жумаларда социалдык тармак аркылуу Москва шаарындагы кыргыз жаштарын башка бир улуттун өкүлдөрү «таарынтып койгону», алар менен «сүйлөшүү» үчүн массалык чогулууга чакырган билдирүүлөр тараган.
Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.