Аскер адамдарынын пенсияга чыгуу мөөнөтү 10 жылга узарды (видео)

1017

Өкмөттүн демилгеси Кыргызстанда тажрыйбалуу офицерлердин азаюусуна алып келиши мүмкүн. Куралдуу күчтөрдүн ардагерлери министрлер кабинетинин жаңы сунушуна нааразы. Учурдагы мыйзамга ылайык, аскерге 20 жыл кызмат өтөгөндөр пенсияга чыгарылат. Бирок буга өзгөртүүлөр киргизилип, пенсиялык реформа деген шылтоо менен аны 30 жылга чейин жеткирүү каралууда. Мындай демилгеге нааразы болгон ардагерлердин айтымында, өкмөт документ даярдап жатканда кесипкөй адистердин пикирин эске алган эмес.