Аскер бөлүгүндөгү 19 жаштагы жигит өз жанын кыйдыбы? (видео)

2215

3 ай ичинде эле онго жакын жоокер каза тапты. Акыркы окуя Бишкектеги 702-аскер бөлүгүндө катталып, 19 жаштагы жигит өз жанын кыйганы кабарланды. Бирок маркумдун туугандары анын бул кадамга барышына улуулар тарабынан жасалган үстөмдүк, уставдык эмес мамилелер себеп болушу мүмкүн деп шек санашууда.

Ал эми Ички иштер министрлигинин ички коопсуздук аскердик кызматы муну четке кагууда. Азырынча жоокердин өлүмүнүн так себеби аныктала элек. Кырчындай жашында өмүрү кыйылган жоокердин туугандары акыйкат иликтөөнү талап кылышууда.