Д. Асанов атындагы аскердик лицейден 50дөн ашык курсант качып кеткен

1375

Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабы, Бишкектеги Дайыр Асанов атындагы аскер лицейинен 50дөн ашык курсант уруксатсыз чыгып кетип, кайра окуу жайга кайтып келишкенин кабарлады. Мекеменин басма сөз катчысы Гүлзат Жарашева «Азаттыкка» курсанттар чуркоо үчүн чыгып кетишкенин айтты.

«Бул окуя кечээ болгон. 50дөн ашык курсант уруксатсыз чыгып кетип, кайра 9:30да окууга келишкен. Азыр иликтөө жүрүп жатат. «Эмне болду?» деп сурасак «биз каникулдан келгенден кийин шартка көнө элекпиз» дешти. Алар Түштүк магистраль жактан чуркап кайра келишкен. Алар 2-3 сааттай жок болушкан», — деди Жарашева.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.