Аскер прокуратурасы генерал-майор Курсан Асановдун үйүн тинтүүгө алды

785

Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясынан кийин кызматынан бошотулуп, кылмыш иши козголгон милициянын генерал-майору Курсан Асановдун үйү тинтүүгө алынды. Бул Аскер прокуратурасы тарабынан ишке ашырылды. Тинтүү жүргүзүлүп жатканда, адвокат Икрамидин Айткулов жеке өзү катышканын билдирип, ал батирден Алмазбек Атамбаевдин үйүнөн алып чыгарылды делген баштыктын ичиндегилер изделиши мүмкүн экенин божомолдоду. Бирок эч нерсе табылган жок, — дейт ал.

Ошондой эле, жактоочу Курсан Асановдун үйүнөн 2000 доллар жана үч кол саат алынганын айтууда. Башкы прокуратура Курсан Асановдун иши боюнча Ички иштер министрлиги тарабынан жүргүзүлгөн кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен таанышып, анын негизинде «кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча кылмыш ишин ачкан. Сотко чейинки өндүрүш жүргүзүү Аскер прокуратурасына өткөрүлгөн.

Курсан Асановдун иши боюнча КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Кундуз Жолдубаеванын үйүндө да тинтүү жүргүзүлгөн. Курсан Асановдун адвокаты Икрамидин Айткулов тергөө бүткөнчө ички иштер министри Кашкар Жунушалиевди кызматтан четтетип турууну талап кылууда. Ал милициянын генерал-майоруна айып коюуда, министр тергөөнүн жүрүшүнө таасир этиши мүмкүн деп эсептейт.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.