Аскер прокуратурасы өрт өчүрүүчүлөргө карата кылмыш ишин козгоду

739

Талапка туура келбеген курулуштарга уруксат берген өрт өчүрүүчүлөргө карата Аскер прокуратурасы кылмыш ишин козгоду. Көзөмөл орган текшерүү жүргүзүп, үч ай ичинде алты мыйзам бузуу фактысын таап чыгып, жооптуу кызматкерлерге күнөө тагылды. Алар нормага туура келбеген курулуштарга өрт коопсуздугу сакталган деген документтерди берген деп айыпталууда.

Мыйзам боюнча көп кабаттуу имарат салынып жатканда, өрт өчүрүү кызматынын машинасына жана авариялык-куткаруу жумуштары үчүн тартылган атайын техниканын киришине шарттар түзүлүшү керек. Бирок 2016-2017 жылдары өрткө каршы кызматынын жооптуу адамдары курулуш компаниялары талапты аткарбаса дагы, уруксат кагаздарын берген.