Аскердик лицейден курсанттар эмнеге качышты? (видео)

1051

Түндө Дайыр Асанов атындагы Кыргыз Улуттук аскер лицейинен 56 бала качып кетти. Алар 2 офицердин кызматтан алынышын талап кылышканы айтылууда. Бирок Башкы штабдын өкүлдөрү, тарбиялануучулар уруксатсыз сыртка чуркап келүү үчүн кетип калышканын билдирүүдө. Алардын баары кайра кайтып келишкен.

Бул жоругу үчүн балдардын ата-энелери да чакыртылып, учурда кызматтык иликтөө иштери башталыптыр. Аскер лицейинен курсанттарынын массалык түрдө качып чыгуусуна эмне себеп болду?