Аскердик лицейдин курсанттары менен окуучулардын мушташы (видео)

901

Аскер лицейинин курсанттары жана Бишкектин «Жал» кичирайонунда жашаган өспүрүмдөр ортосунда мушташ болду деген маалымат тарады. Көп өтпөй, ал чатакты «Жалда» жашаган өспүрүмдөр чыгарганы маалым болду. Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери келип, 6 баланы кармап кетишкен. Алардын баары — Дайыр Асанов атындагы аскердик лицейде окуган курсанттар экени маалым болду. Учурда ал балдар менен тийешелүү органдар иш алып барууда. Ал эми окуянын келип чыгуу себептерин жана окуу жайдагы тартип маселесин иликтөө үчүн атайын комиссия түзүлгөн. Анын курамына — Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин, ички иштер органдарынын өкүлдөрү жана эки окуу жайдын жетекчилиги кирген.