Аскердик милдетин өтөп жүргөн жоокерди ток уруп каза болду

2955

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын кайтаруу жана күзөт департаментинде аскердик милдетин өтөп жүргөн жоокер каза болду.

Каргашалуу окуя 4-ноябрда болгон. Жоокер лампочканы алмаштырууга аракет кылганда аны ток уруп, жаш жигит эс учун жоготуп жыгылганы айтылууда. Ага медициналык жардам көрсөтүлгөнү менен ошол бойдон өзүнө келбей, каза болгон.

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы берген маалыматка таянсак, жоокер Чүй областындагы Новопокровка айылындагы катуу тартиптеги №3-түзөтүү колониясында 4-батальондо аскердик милдетин өтөп жүргөн экен.

Учурда маркумдун сөөгү моргдо кармалууда. Аталган факты боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалып, аскер эмнеден улам каза болгону такталууда.