Аскерлерди уруп кордогон пропорщикке карата кылмыш иши козголду

969

Аскерлерди уруп кордогон пропорщикке карата Аскер прокуратурасы тарабынан «кызматтык укуктарынан аша чабуу» беренесинин негизинде кылмыш иши козголду. Бул тууралуу кыйноолордун алдын алуу боюнча Улуттук борбордун жетекчиси Нурдин Сулайманов билдирди.

Азырынча ысымы аталбаган шектүү аскер кызматкери камакка алынды. 3 күн мурда Таш-Көмүр шаарындагы өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аскердик бөлүгүндө таңга жуук мас абалындагы пропорщик уктап жаткан 24 жоокерди тургузуп алып, аларды ур-токмокко алып, шылдыңдап, кордук көрсөткөн. Аларды жерге жатып көнүгүүлөрдү жасоого мажбурлап, тепкилегини айтылууда.

Анын жыйынтыгында, 9 аскер жаракат алган. Буга карабастан бир дагы солдат арыз жазбаганы белгилүү болду. Бирок бул иш тыкыр көзөмөлдөнөт, дейт кыйноолорду алдын алуу боюнча Улуттук борбордун жетекчиси.