Аспеков: Мени саясатчыларды каралоого мажбурлашкан (видео)

1045

Тергөө абагынан башкы прокурорго жолдонгон кайрылуу боюнча депутаттар дагы иликтөө жүргүзөт. Жарандык активист Мелис Аспеков Өткүрбек Жамшитовго кайрылып, аны уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү менен коркуткан УКМКнын тергөөчүсүнө карата чара көрүүнү суранды. Аспековдун арызы башкы прокуратурага өткөн ишембиде келип түшкөн. Анда Канат Исаев жана башка саясатчыларга каршы жалган көрсөтмө берүүгө мажбурлап, психикалык кысым көрсөтүлгөнү айтылат. Мындай билдирүү Канат Исаев жана Өмүрбек Бабановго карата ачылган кылмыш иши саясий куугунтук экенин дагы бир жолу тастыктады, дешет депутатттар. Мындан улам, учурда парламентте бул боюнча комиссия түзүү сунушталганы жатат.