Ассольдун спектакли чек өлкөдө коюлат (видео)

905

Бишкекте Чыңгыз Айтматовдун чыгармасынын негизинде «Жамиля» спектакли жаңы форматта даярдалды. 29-мартта Фрунзе ресторанында бет ачаары болот. Ага чет өлкөдөн коноктор чакырылган. Сахна оюнунун өзгөчөлүгү башынан аяк үч гана каарман көрсөтүлөт. Жамилянын образын — Айнура Акылбек кызы, Элмира Тагаевалар, Даниярды — Нуржасын Жумагулов, Руслан Курманалиев, Сеитти — Садырбек Сабыржан уулу, Нурлан Сыдыковдор аткарат. Режиссеру Талант Апыев, ал эми композитору — эл артисти Муратбек Бегалиев. Ал спектакль үчүн 20дай чыгарма жаратып, аларды аткарууга 30га жакын аспапты колдонгон. Долбоордун продюсери Ассоль Молдокматованын айтымында, Бишкекте бет ачаары өткөн соң, «Жамиля» спектакли Түркия менен Непалда көрсөтүлөт.