Астана Аблязовго киши өлтүрүүнү «уюштурган» деп кылмыш ишин козгоду

796

Казакстандын Башкы прокуратурасы мурдагы банкир, президент Назарбаевдин элдешкис душманы Мухтар Аблязовго жаңы кылмыш ишин ачты. Ага 2004-жылы «ТуранАлем» банкынын башкы менежери Ержан Татишевди «өлтүрүүнү уюштурган» деген айып тагылууда.

Казак башкы көзөмөл мекемесинин билдирүүсү маалымат каржаттарына 3-апрелдин кечинде чыкты.

Аблязов буга чейин социалдык сайттарга Татишевдин өлүмүнө эч кандай тиешеси жок экенин жазган. Ал ошондой эле өткөн айда Татишевди өлтүрүүгө «буйрук берген» деп айтыпталып, 10 жылга кесилген ишкер, «Казстройстекло» заводунун ээси Муратхан Токмадини тааныбай турганын билдирген.

Казак прокуратурасы «Аблязорвду экстрадициялоо, жоопкерчиликке тартуу Казакстандын жана эл аралык келишимдердин алкагында чечилерин» билдирген.

Казакстандык ири бизнесмен жана банкир, мурдагы энергетика министри Мухтар Аблязов 2009-жылдан бери Европада бозгунда жүрөт. Ал Казакстанда өзүнө коюлган бул сыяктуу айыптарды четке кагып келет.