Астана Кыргызстанда өндүрүлгөн эт азыктарына киргизилген чектөөнү алып салды

714

Ветеринардык инспекциядан кабарлашкандай, Казакстандын айыл чарба министрлиги бизде чыккан эт продукцияларын экспорттоого уруксат берди.

Кошуналар убактылуу чектөө киргизгенден кийин Кыргызстандын ветеринардык инспекциясы өлкөдө эпизоотикалык абал тууралуу маалымат жөнөткөн. Анын негизинде, эт азыктарын киргизүүгө кайрадан жол ачылды.

Эскерте кетсек, 8-октябрда Казакстанда куш тумоосу күчөгөнүнө байланыштуу Кыргызстан тоок этин импорттоого тыюу салган. Андан көп өтпөй эле, кошуналар бизден эт сатып алууну дароо токтоткон эле.