Астана Ливанга тынчтык орнотуу күчтөрүн жөнөтүшү мүмкүн

883

Быйыл Казакстан Ливанга өзүнүн тынчтык орнотуу күчтөрүн жөнөтүшү мүмкүн. Бул тууралуу 9-апрелде өлкөнүн коргонуу боюнча вице-министри Талгат Мухтаров парламенттеги өкмөттүк саат маалында билдирди.

Бул маалыматты казак Коргоо министрлиги дагы ырастады.

«Азыр биз аскерлер тобун тынчтык орнотуу миссияларынын бирине жөнөтүү үчүн чоң даярдык иштерин өткөрүп жатабыз. БУУ талап кылган белгилүү бир нюанстар, стандарттык жол-жоболор калды. Күзгө карата 120га жакын адамды миссиялардын бирине жөнөтөбүз. Болжол менен алар Ливанга барышы мүмкүн», — деди Талгат Мухтаров.

Вице-министр аталган өлкөгө барып, аймагы менен таанышып келгенин жана ал тынчтыкты колдоочу гана миссия болорун кошумчалады.

Казакстанда 2015-жылы кабыл алынган «Тынчтык орнотуу ишмердүүлүгү тууралуу» мыйзамга ылайык, аскердик топту тигил же бул тынчтык орнотуу операциясына жөнөтүү чечимин президенттин сунушунан кийин парламенттин эки палатасы биргеликте кабыл алат. Өз кезегинде президентке куралдуу күчтөрдү колдонуу сунушун өкмөт берип, миссиянын курамын, санын жана мөөнөтүн аныктайт. Казакстандык тынчтык орнотуучулардын тигил же бул операцияларга катышуусу үчүн эл аралык уюмдардын чечими же Астана тарабынан ратификацияланган эл аралык келишимдер негиз болот.