Астанада Ислам кызматташтыгы уюмунун саммити өтүүдө

911

Астанада Ислам кызматташтык уюмунун саммити өтүп жатат. Иш-чарага 14 өлкөнүн лидерлери жана уюмга мүчө өлкөлөрдүн 80ге чукул делегациясы келди. Бул жолу жыйын “Илим, технология, инновация жана Ислам дүйнөсүндөгү модернизация” деген ураандын алдында уюштурулду. Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев Ислам дүйнөсүндөгү илим жана экономиканы өнүктүрүү үчүн уюмга мүчө 15 алдынкы өлкөнү “Чоң жыйырмалыкка” үндөш расмий эмес топ катары биригүүгө чакырды.

Кыргыз делегациясын билим берүү жана илим министрлигинин чиновниктери жетектеп барды. Саммит бүгүн жыйынтыкталат. Иш-чаранын соңунда Ислам дүйнөсүндөгү илимий-технологиялык модернизацияны саясий жактан камсыз кылуу боюнча Астана декларациясы кабыл алынат.

Ислам кызматташтык уюму 1969-жылы түзүлгөн. Ага 57 өлкө мүчө.