Астанада Сирия боюнча сүйлөшүүлөрдүн алтынчы айлампасы башталды

831

«Сириядагы абалды жөнгө салуу боюнча тынчтык сүйлөшүүлөрү» деп аталган бул иш-чарага катыша турган делегациялардын өкүлдөрү Казакстанга келишүүдө. Маалыматтарга караганда, учурда Бириккен Улуттар Уюмунун Сириядагы өкүлү Башар Жафари башында турган Сириянын өкмөттүк делегациясы келди. Ошондой эле куралдуу оппозициянын өкүлдөрүнүн да келиши күтүлүүдө.

Бул сапар сүйлөшүүлөрдүн күн тартибине Сириянын Идлиб провинциясында коопсуздук зонасын түзүүнү талкуулоо киргизилген. Эске салсак, бул сүйлөшүүлөргө Россия, Иран жана Түркия демөөрчүлүк кылып келе жатат. Буга чейин 5 жолу отурум болуп өтүп, анда тараптар бир пикирге келе албаганы үчүн алгылыктуу тыянактар чыкпай келет. Болгону бир канча күнгө эки тараптуу ок атышууну токтотуу аракеттери көрүлгөн.