Астанада үшүк алып ооруканага түшкөндөрдүн саны 30 адамга жетти

726

Казакстандын Астана шаарында үшүк алып ооруканага түшкөндөрдүн саны 30 адамга жетти. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги кабарлады. Аба ырайы табынан кескин төмөндөп кеткенинен улам, Астана, Костанай шаарларында, Түндүк Казакстан, Чыгыш Казакстан, Павлодар жана Караганды областтарында бала-бакча, мектептер убактылуу жабылды.

Мындан тышкары, коллеждердин биринчи, экинчи курсунда окугандар да сабакка барбай турган болду. Казгидрометтин маалыматы боюнча, 26-январга чейин өлкөнүн айрым жерлеринде сууктун күчү күндүз -35, түнкүсүн -45 градуска чейин жетет. Мисалы кечээ күнү температура -38ге түшкөн.

Мындан улам, Казакстандын өкмөт жетекчилиги тиешелүү мекемелерге аяздан коргонуу иштерин күчөтүп, унаа жолдордун боюна жолоочулар жылынып, ысык тамак бирилүүчү убактылуу жайларды уюштурууну тапшырды.