Астанадагы курулушта Өзбекстандын эки жараны каза болду

844

Астанадагы курулушта каза болгон эки адам Өзбекстандын жарандары. Бул тууралуу шаар администрациясына шилтеме кылып жергиликтүү ММКлар билдиришти.

Окуя 17-сентябрь күнү түштөн кийин шаардын Сарыарка деп аталган районундагы курулушта болгон. Анда курулуп жаткан имараттын төбөсүндөгү жабуусу менен дубалдары ураган.

Кырсыктан эки киши каза болуп, жаракат алган дагы бир өзбек жараны ооруканага жеткирилди. Азырынча анын абалы тууралуу маалыматтар жок. Учурда кырсыктын келип чыгуу себептери иликтенүүдө.