Астанадагы Сирия боюнча тынчтык сүйлөшүүлөр уланууда

1013

Астанада «Сириядагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн» алтынчы раундунун экинчи күнү өтүүдө. ТАСС агенттиги кабарлагандай, Россия менен АКШдан келген делегациялар эки тараптуу жолугушууларды өткөрүшүүдө. Бул иш-чарага Россия, Иран, Түркия демөөрчүлүк кылууда.

Башта Кошмо штаттары бул сүйлөшүүлөргө Ирандын катышуусуна каршы болгону менен өз делегациясын жиберген. Бул сүйлөшүүлөрдүн негизинде тараптар, Сириянын Идлиб провинциясында коопсуздук аймагын түзүүнү максат кылышууда. Мисалы Россиянын өкүлдөрү эки тараптуу ок атышууларды токтотуу үчүн Идлиб аймагына аскер полициясын киргизүүгө даяр экенин билдиришти.

Эске салсак, буга чейинки 5 жолку отурумда тараптар бир пикирге келе албаганы үчүн алгылыктуу натыйжа чыккан эмес.