Асыл тукум уйлардын көргөзмөсүнө 700 фермер катышты (видео)

958

Чүй областынын Ысык-Ата районунун Красная Речка айылында 700дөн ашык фермер катышкан республикалык иш-чара болуп өттү.

Анда асыл тукум уйлардын түрлөрү көрсөтүлүп, Япониядан келген эксперттер өз тажрыйбалары менен бөлүшүштү. Мындан тышкары фермерлерге жеңилдетилген насыялар тууралуу маалыматтар берилип, тоюттун түрлөрү жана Германиядан келген техникалар көрсөтүлдү.