Асылбек Жээнбеков КСДПдан чыкканын жарыялады

724

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Асылбек Жээнбеков Социал-демократтар партиясынан чыкканын, Парламенттин жыйынында расмий жарыялады. Ал сүйлөп жатып, аталган партияда бир адамдын диктатурасы орноп калганын белгилеп, саясий бирикменин учурдагы абалына зээни кейип турганын айтты.

«КСДПнын тегерегинде жүрүп жаткан окуялар мамлекеттин жаркын келечегине кедергисин тийгизбеши керек» дейт Асылбек Жээнбеков. Ал 2007-жылдан бери Социал-демократтар партиясынын мүчөсү болуп, бул саясий уюмдан парламентке эки жолу депутат болуп шайланып келген. Ошондой эле эки жолу Жогорку Кеңештин төрагасы да болгон.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.