Асылбек уулу Дамирбек депутаттык мандатынан ажыратылды

788

Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан кабарлашты. Эске салсак, Жогорку Кеңештеги “Кыргызстан” фракциясынын мүчөсү быйыл 17-февралда Казакстандагы ири масштабдуу атайын операциянын жүрүшүндө кармалган. Аны менен кошо дагы 3 кыргызстандык жаран кармалып, алар контрабандага шектелип, Алматыдагы тергөө абагына камалган.

Аларга Казакстандын Кылмыш-жаза кодексинин “Евразия экономикалык биримдигинин бажы чек арасы аркылуу ири өлчөмдөгү товар жана башка буюмдарды алып өтүү” жана “Транс улуттук уюшкан топко же транс улуттук — кылмыштуу топко аралашуу” беренелери боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде айып тагылган.

Көп өтпөй кармалган Асылбек уулу Дамирбек казак жараны экени аныкталганы тууралуу Казакстан тарап расмий билдирүү жөнөткөн. Ал эми Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, башка өлкөнүн жарандары депутат болуп шайлана алышпайт.