Асылбек уулу Дамирбек эми депутат эмес. Ордуна башкасы келди (видео)

1147

Жогорку Кеңештеги “Кыргызстан” фракциясынын мүчөсү Асылбек уулу Дамирбек депутаттык мандатынан ажыратылды. Мындай чечимди Борбордук шайлоо комиссиясы кабыл алды. Эске салсак, Асылбек уулу Дамирбек быйыл 17-февралда Казакстандагы ири масштабдуу атайын операциянын жүрүшүндө кармалып, контрабандага шектелип Алматынын тергөө абагында жатат. Мурдагы депутаттын мандатынан ажырашына ал кош жарандуу, тактап айтканда Казакстандын атуулу болуп чыкканы себеп болду. Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, башка өлкөнүн жарандары депутат болуп шайлана алышпайт. Бул көрүнүштөн кийин тиешелүү талаптарды катаалдантып, материалдык чыгымдарды төлөтүү керек деген сунуштар айтыла баштады.