Ат-Башыда кутурмага шектелген 18 адам дарыгерлердин көзөмөлүндө калууда

981

Нарындын Ат-Башы районунда кутурма ооруусуна кабылды, деп шектелген 18 адам дарыгерлердин көзөмөлүндө калууда. Бардык бейтаптар эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Карантиндик жана өзгөчө кооптуу оорулардын республикалык борборунан билдиришти.

Алдын-ала маалымат боюнча, бир дагы адамда кутурма илдети аныкталган жок. Мал үчүн керектуу дары-дармектер жөнөтүлдү. Жергиликтүү тургундардын айтымында, Арпа жайлоосунда кутурмадан кырылган элуудой койдун өлүгү 15 күндөй талаада жатып, 2 күн мурда өрттөлүп, жерге көмүлгөн. Учурда кутурма оорусу табылган жерди тазалоо иштери жүрүп жатат.

Эске салсак, Арпа жайлоосунда карышкыр малга тийип, кийин койдон кутурманын белгилери байкалган соң текшерүүгө жөнөтүлөт. Анын жыйынтыгы менен малга кутурма жукканы аныкталган.