Ат майдандын курулушу боюнча кылмыш иши козголду (видео)

786

Ысык-Көлдөгү ат майдандын курулушу боюнча кылмыш иши козголду. Кечээ күнү Башкы прокуратура 2 Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү үчүн салынган Ысык-Көл облусунун Бактуу-Дөлөнөтү айылындагы ипподромду жана дене-тарбия комплексин куруудагы мыйзам бузуулардын негизинде кылмыш ишин козгоду. Буга Эсептөө палатасынын жана УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын текшерүүсүнүн жыйынтыгы себеп болгон. Анын натыйжасында, мамлекеттик бюджетке 202 миллион сом зыян келтирилгени аныкталды. Эксперттердин пикиринде, мамлекет миллиондорду уурдагандарды камакка алып эле тим болбой, келтирилген зыяндын ордун толтурууну ойлонушу керек.