Ат майданы турган жерге кимдер көз артууда? (видео)

1356

Бишкектеги “Ак-Кула” ипподрому эч жакка көчүрүлбөйт. Мындай убаданы вице-мэр Русланбек Акылбеков берди. Анын айтымында, коопту абалга келген имараттары бузулуп жаңысы тургузулат, калган жерлери оңдоп түзөлөт.

Жакында эле турак жай коммуналдык чарба тармагын тейлеген вице-мэр Жамалбек Ырсалиев ат майданды шаардын сыртына көчүрүп, ордуна футбол талаасын куруу пландалып жатканын айткан. Буга каршылыгын билдирип саяпкерлер, ат сүйүүчүлөр менен чабандестер ат майданда тынч чогулуш өткөрүштү. Жыйын ат оюндары менен коштолду.