Ата-эне мээриминен ажыраган балдар көчөдө калабы? (видео)

816

Бишкектеги «Ак жол» балдар үйү имаратынан ажырап, кароосуз калган бөбөктөр көчөдө калышы мүмкүн. Эгерде имаратты ижаралоо мөөнөтү тез арада узартылбаса, ал жай башкаларга өткөрүлөт. Дал ушул аренда маселесинен улам, балдар үйү демөөрчүлөрдүн жардамынан дагы куру калган. Мындан улам, «Ак жол» балдар үйү 2016-жылдан тарта каражат маселесин өз алдынча чечип келишет. Анда тарбиялангандар кол өнөрчүлүк менен алектенип, ар кандай буюм-тайымдарды ири соода-түйүндөрүнө өткөрүлүп, андан түшкөн каражат менен жан багышууда. Балдар үйүнүн жетекчилиги имараттын ижара маселени чечип берүүнү суранып, бир нече жолу Бишкек шаардык кеңешине кайрылган. Бирок бир дагы жолу жооп келген эмес дешет.