Ата-энелер мектептеги акча чогултууга каршы митинг өткөрүштү (видео)

712

Мектептеги акча чогултууга каршылар Ак үй алдына чыгышты. Чүй областынын Новопавловка айылынын Чыңгыз Айтматов атындагы лицейдин окуучуларынын ата-энелери митингге чогулушту. Алар лицейдин жетекчиси Диляра Абдуллаевадан чогултулган акчанын так эсебин талап кылышты.

Новопавловка айылынын жашоочулары буга чейин прокуратурага кайрылышкан. Бул боюнча териштирүү башталып, мектеп директору убактылуу ишинен четтетилген. Нараазычылык акциясынын катышуучулары 4500 бала окуган мектепте ай сайын көп акча жыйналарын айтып, «каражат натыйжасыз пайдаланылууда» дешет. Мектеп жетекчилиги бул дооматтарды четке кагып келет.