Ата-энелер мектептеги фонддордун жоюлушун талап кылды (видео)

998

Сокулук районунун Военно-Антоновка айылында кезектеги жаңжал чыкты. Жергиликтүү тургундар мектептердеги мыйзамсыз акча чогултуу боюнча жыйын өткөрүп, камкордук фондун жоюуну талап кылышмак. Бирок иш-чарага чогулгандар маселени талкуулабастан, эки жаат болуп уруш чыгарышты. Жаңжал башында айылдык кеңештин депутаттарынын бири жүрдү.

Соңунда, жергиликтүү эл өз көйгөйлөрүн ортого салып, бирок камкордук фондду жоюу маселеси чечилген жок. Мектептердеги мыйзамсыз акча чогултуу боюнча жыйналыш Сокулуктун Маловодное айылында жана Бишкек шаарынын №5-гимназия мектебинде өткөрүлдү.