Ата-энелер мектептердин ачылышын талап кылышууда (видео)

3029

Бишкекте онлайн окутууну токтотуу боюнча чечимди ата-энелер жана тиешелүү тармактын өкүлдөрү кирген комиссия кабыл алат. Бүгүн мэриянын имаратынын алдына 15тей киши митингге чыгышты. Алар мектептер кадимки режимде иштеши керек деген талаптарын коюшту.

Чогулгандар менен вице-мэр Айжан Чыныбаева жолугушуп, Бишкекте 3 мектептин окуучуларынын арасында классташтарына коронавирус жугузган учурлар катталгандыктан, 1-февралдан тарта оффлайн окууга өтүүгө мүмкүн болбой калганын билдирди. Бирок ата-энелер буга ынанбай коюшту.