Ата-энелерин баккан жаш балдар (видео)

895

Кыргызстанда ар бир төртүнчү жаш бала эмгекке тартылса, алардын арасында эң оор шартта иштегендери — Ош областында. Бул маалыматтар Бүткүл Дүйнөлүк балдар эмгегине каршы күрөшүү күнүнө карата өткөрүлгөн тегерек столдун жүрүшүндө белгилүү болду. Адистердин айтымында, Ош областында өспүрүмдөр таш, шагыл жана көмүр карьерлеринде жүк ташып, кыш куйган заводдордо, базарларда араба түртүп иштеген фактылар арбын. Иш-чаранын алкагында балдарды ишке тартуу шарттарын көзөмөлдөгөн мекемелер жетиштүү иштебей жатканын белгиленди.