Ата-энеси менен бир туугандарын багып, кайыр сураган бала (видео)

5118

Бишкекте тилемчилик кылган 6 өспүрүм аныкталды. Алардын төртөө — ата-энеси менен биргеликте кайыр сурап жүргөн. Калган экөө — ордо калаадагы Ош жана Баткен базарларында жалгыз жүргөн жеринен табылган. Бул боюнча жакында эле тийиштүү кызматтын өкүлдөрү рейд жүргүзүшкөн.

Аларга соода борборлордун жанында 12 жаштагы тестиер акча сурап отурганы тууралуу кабар түшкөн. Көп өтпөй, ал ата-энесине тапшырылган. Бир үй-бүлөнүн жүгүн жалгыз көтөргөн бала кандай шартта жашайт?