Ата-энеси тирүү туруп интернатта жашаган балдардын саны өстү (видео)

764

Кыргызстанда балдар укуктарын коргоо жатында алгылыктуу иштер жүргүзүлгөнү менен, балдар үйүндө тарбиялангандардын саны кыскара элек. Бул тууралуу Улуттук форумда айтылды.

Учурда 12 миң бала интернаттарда тарбияланып келет. Алардын 95 пайызынын ата-энелери бар. Юнисефтин изилдөөсүнө ылайык, турмуш-тиричиликтин кыйындыгынан ата-энеси тирүү туруп жетимге айлангандардын саны өстү.