Ата-энесин багуудан баш тарткан балдар камалабы? (видео)

801

Карыган ата-энесин багуудан баш тарткан балдар 2,5 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Парламентте буга байланыштуу мыйзам долбоору даярдалып, коомдук талкууга чыгарылды. Ал документке ылайык, мүмкүнчүлүгү болуп туруп ата-энесин карабай кеткендерди жазага тартуу каралган. Азыркы иштеп жаткан үй-бүлөлүк кодексине ылайык, ата-энесинен баш тарткан балдары алимент төлөшү керек. Бирок бул үчүн кары адамдардын, уул-кыздарына каршы арыз жазуусу талап кылынат. Бирок уул-кыздары таштап кеткен бир дагы карыя өз балдарынын үстүнөн даттанган эмес. Кайрымсыз балдарды мыйзам менен ыйманга чакырууга мүмкүнбү?