Ата Мекен коррупционерлерге «көргүлүктү көрсөтөбү»? (видео)

848

Кыргызстанда токтотулган жана кыскартылган кылмыш иштеринин саны 2 миңден ашат. Бул тууралуу башкы прокурордун орун басары парламентте билдирди. Анын айтымында, учурда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы, УКМК жана Ички иштер министрлиги бул иштердин сотко жетпей калышынын себептерин териштирүүдө. Токтотулуп же кыскартылган кылмыш иштеринин арасында: тоо-кен тармагындагы мыйзам бузуулар, кызмат абалынан кыянат пайдалануу жана коррупциялык аракеттер бар. Азырынча эки миңден ашуун иштин мыйзамсыз токтотулушу боюнча бир да адам жоопко тартыла элек. Иликтөөнүн жыйынтыгы менен тергөөчүлөргө жана прокурорлордун аракетине баа берилет, дешти көзөмөлдөөчү мекеменин өкүлдөрү. Белгилей кетсек, президенттин тапшырмасы менен Башкы прокуратура кыскартылган жана токтотулган кылмыш иштери боюнча инвентаризация жүргүзгөн.