“Ата Мекен” партиясы тынчтык митингине кызуу даярданууда (видео)

590

“Ата Мекен” саясий партиясы 23-апрелде өтө турган тынчтык митингине кызуу даярданып жатат. Ага 6 миңден ашуун адам келет деп күтүлүүдө. Иш-чарага абактагы саясатчылар Өмүрбек Текебаев, Дүйшөнкул Чотонов жана Садыр Жапаровдордун тарапташтарынан тышкары, сот тутумундагы “колу таза эмес” фемида өкүлдөрүнүн адилетсиз чечимдерине нааразы болгон жарандар да катышууга белсенип жатыптыр.

Мындан тышкары, тынчтык митингинде сот системасын реформалоону талап кылган чакырыктар да болот экен. Уюштуруучулар митинг учурунда ар кандай провакациялар чыгып кетиши мүмкүн экенин да эскертишүүдө.