Ата мекендик нефтетрейдерлер президентке шашылыш кайрылуу жасашты

767

Кайрылууда Кыргызстан Казакстан менен күйүүчү майга байланыштуу келишимге тез арада кол койбосо, абал кескин оорлойт деп айтылат.

Кошуна мамлекеттен Таластагы чек ара аркылуу ири көлөмдөгү күйүүчү май контрабанда жолу аркылуу киргизилип, өлкөнүн керектөөсүнүн 30 % жаап жатат. Мунун кесепетинен, бюджетке салыктан түшпөй калган киреше кескин азаюууда. Мындай шартта жергиликтүү нефтетрейдерлер дагы Россиядан ташыган бензиндин көлөмүн азайтууга аргасыз.

Кырдаалдан чыгуу үчүн Казакстандан мыйзамдуу жол менен күйүүчү май ташып келүүгө жол ачылышы керек. Бул жаатта эки өлкө ортосунда бир нече айдан бери сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бирок келишимге кол коюу созулган сайын, казакстандык продукция Өзбекстан, Тажикстандын рыногуна өтүп кетүү мүмкүнчүлүгү жогорулады.

Ал эми, Россиянын өкмөтү ички рыногун колдоо максатында, күйүүчү майды экспорттоону азайтканы жатат. Эгер ал күчүнө кирсе, Кыргызстанда бензин каатчылыгы пайда болот.

Мындан улам, нефтетрейдерлер президенттен Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда күйүүчү май боюнча келишимге кол коюууну тездетүүгө жардам берүүнү суранышты.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.