Атабеков эт тартпаса, Акулова жылкы сойду (видео)
Кыргыз коомчулугунун турмушунда абдан чоң орунду ээлеп, көп убакытыбызды, акчабызды алган аш-тойлордун мезгили аяктап баратат. Экономисттердин эсептөөсүнө ылайык той-топур, калың элди эң көп чыгашага учураткан, жылына өлкөбүздүн бир жылдык бюджетине тете каражат 2 миллиард долларды айланткан көмүскө индустрия болуп калды. Соңку 10-15 жылда, бул тармак чынында эле экинчи экономикага айланып, анын өз инфраструктурасы жүздөгөн тойканалар пайда болду. Тойлорду азык-түлүк, кийим-кече, анын ичинде эч качан кийилбей турган кийит менен камсыздаган соода бизнеси өнүктү. Кыргызстандын шоу-бизнеси концерт берип, аудио диск сатуу менен акча таппастан тойлорду тейлөө менен байып жатат. Бул тармактын эң таанымал өкүлдөрүнүн бири болгон Мирбек Атабеков өткөн дем алыш күндөрү балдарынын жээнтек жана сүннөт тойун өткөрүп, анда устукан тартылбаганы талкуу жаратты. Ооба карапайым эл үчүн тойго кара мал союу тойдун эң чоң чыгашасы болчу.
Бирок Атабековдун жакшылыгынан кийин, чакырылгандардын көк пакеттеринде жилик-жилик эт болбогону ал той ысырапсыз өттү дегенди түшүндүрбөйт. Мирбектин үй-бүлөлүк майрамы өткөн залды кымбат гүлдөр менен жасалгалоо эле бир жылкынын баасы болот, деп жатышат. Ошентсе дагы, ал тойдун эстетикасына эмес, анын дасторконуна маани берген көпчүлүк анда эт тартылбаганын гана сөз кылышууда. Кандай болгондо дагы, Атабековдун жакшылыгы той-топур коомубуз үчүн абдан талуулуу маселе экенин дагы бир жолу эске салды. Байлар үчүн албетте бул маселе эмес. Сөз калктын калың катмары жөнүндө. Тойго каражат короткондой балдарыбыздын билим алуусуна, ишкерлик кылып өзүнчө бизнес ачуусуна инвестиция жасасак балким коомдук аң сезим өнүгүп, аны менен бирге мамлекетибиз дагы өркүндөмөк.
Быйыл Кыргызстан Айтматовдун 90 жылдык мааракесин белгилеп жатат. Негизги иш-чаралардын бири, жакында эле залкар жазуучунун кичи мекени Таласта өттү. Анда карапайым элге ат оюндары көрсөтүлүп, даражалуу конокторго болсо 30 жылкы союлуп, эт тартылып, ал эми залкар жазуучунун адабий мурасына таазим кылуу формалдуу иш-чаралар менен гана чектелди. Мындан улам бул мааракенин уюштуруучулары, Чыңгыз агабыздын чыгармаларын окубаган Орозкулдар эмеспи, деген суроо жаралат.