Атайын эсепке коррупцияга каршы күрөштөн 478 миллион сом төгүлдү

1262

Кыргызстанда атайын эсепке коррупцияга каршы күрөштөн 478 миллион сом төгүлдү. Финансы министрлигинин маалыматына караганда, 3 июлдан 23-октябрга чейин жемкорлордон 478 миллион 626 миң сом өндүрүлгөн.

Күч түзүмдөрүнүн ичинен Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы көп каражат которгон. Бул мекеме 190 миллион 795 миң сом чогулткан. Ал эми Улуттук коопсуздук комитети 159 миллион 64 миң, Башкы прокуратура 127,5 миллион, Ички иштер министрлиги 1 миллион 230 миң сом жыйнаган.

Белгилей кетсек, төрт ай мурда коррупцияга каршы күрөштөн чогултулган каражаттарды топтоо үчүн атайын эсеп ачылган. Бул акчаны социалдык объекттерди курууга коротуу пландалууда.